Бүгүн, 25-февралда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстанга иш сапары менен келет. Бул туурасында ТИМден кабарлашты.
Белгилүү болгондой, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болот. Анын алкагында кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.