Бишкекте 29 жаштагы кыз үч эркектин колунан ажал тапты

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде үч эркек киши 29 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, 1995-жылы туулган К.Б. аттуу кыздын жансыз денеси 21-февралда табылган. Жеринде милиция кароо жүргүзүп, денесинде зордук-зомбулуктун белгилери бар экендигин аныктаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кылмышка шектүү 28 жаштагы К.Б., 22 жаштагы П.Б. жана К.А аттуу үч эркек киши кармалгандыгын билдиришти.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жаткандыгы кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан