Бишкекке Түркмөнстандын тышкы иштер министри келди

Бүгүн, 25-февралда Кыргызстанга Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов расмий сапар менен келди.
ТИМдин маалыматына ылайык, Мередовду «Манас» эл аралык аэропортунда тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов тосуп алды.
Түркмөнстандын ТИМ башчысынын сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле президент Садыр Жапаров менен жолугушуу пландаштырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан