Ош шаарындагы кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды бузуу иштери кызуу жүрүп жатат. Анын алкагында кезек ХБК кичи районунудагы темир жол өткөөлүнөн баштап Нариман айлампасына чейинки жолго жетти.
Өз билемдик менен курулган курулуштарды бузуу үчүн ээлерине белгиленген мөөнөт ичинде курулуштарын өз эсебинен бузуп алып салуу боюнча эскертүүлөр берилгендигин Ош регионалдык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Бозов билдирди.
"Мэрдин тапшырмасы жана өкмөттүн токтомун ишке ашырып жатабыз. Башкы планда каралган жолдор тазаланууда. Бул жерлерге жашыл аймактар орун алып, тротуар, веложол куруу пландары бар. Башкы планда баары көрсөтүлгөн. Жол жээгинен кырк метр эсептеп, көрсөтмө менен эскертүүлөр берилүүдө. Ал эми муниципалдык жерлердеги жеңил курулуштарды болсо өзүбүз эле бузуп алып кетебиз. Анткени алардын тийиштүү кагаздары да жок. Курулуштардын көпчүлүгү негизги суу өткөн каналдын үстүнө чыгып тосуп алышкан",- деп билдирди Бозов.
Ал эми Манас-Ата аймактык башкармалыктын башчысы Жаныбек Чолпонбаев темир жол өткөөлүнөн баштап Нариман айлампасына чейинки жол төрт адамга тийиштүү экендигин тизмектеп берди.
"2017-жылы биз бул аймакты иликтегенде төрт эле кишиге таандык экендиги маалым болгон. Алар бизнесмен Жалил Атамбаев, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Шарапат Мажитова, мурдагы депутат Азамат Арапбаев жана май куюучу жайдын ээси Алмаз аттуу мырза. Тамактануучу жайлар, дүкөн жана башка ишканаларга 24 метрге чейинки аянтты бошотуп берүү эскертмесин берүүдөбүз. Ишкердик менен алектенгендер шаар аймагына тургандыгына карабастан салыкты Кара-Суу районуна төгүп келишчү. Учурда шаарга төлөө багытына жетиштик. Эми бул аймактар бошосо, план менен көрктөндүрүлөт", - деп кошумчалады Чолпонбаев.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев аталган аймакты 26-февралдагы таңкы кыдырууда карап чыккан.