"Ак шумкарлардын" жылдыздуу оюнчусу украиналык клубга өттү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Бекназ Алмазбеков Украинанын "РУХ Львов" футболдук клубу менен келишим түздү.

Футболчу украиналык клуб менен үч жылга келишим түзгөн. Бекназ Алмазбеков клубда 77-катар саны менен оюн алып барат.

Буга чейин Бекназ Алмазбеков Түркиянын "Галатасарай" клубунун жаштар командасында ойноп, ал жерде өзүн келечеги кең оюнчу катары көрсөтө алган. 2023/2024 сезонунда Косовонун “Лапи” клубунда да ойногон.
Футболчу 2022-жылдын 11-июнунда Кыргызстандын негизги курамында Мьянмага каршы беттеште дебют жасаган.
"РУХ Львов" клубу Украина чемпиондугунда учурда 7-орунда турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан