АКШнын президенти Дональд Трамп чет элдик жарандарга "алтын карта" сатып алууну сунуштады. Бул тууралуу Трамп кечээ, 25-февралда журналисттерге жооп берип жатып айткан.
Трамптын айтымына караганда, аталган картанын баасы 5 миллион долларды түзөт.
"Биз жакында "алтын карта" сатабыз. Сиздерде азыр "грин карта" бар. Ал эми бул "алтын карта". Бул картанын баасын 5 миллион долларга бааладык. Бул сиздерге "грин картага" караганда көбүрөөк артыкчылыктарды берет, ошол эле учурда жарандык алууга да жол ачат. Биздин өлкөгө эми бай адамдар бул картаны сатып алып келишет", - деген Трапм.
Ошондой эле Трамп аталган карталар эки жумадан кийин сатыкка чыгарын жана аны миллион адам сатып алса боло турганын кошумчалаган.