Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдары аскерлерге делген материалдык каражаттарды ыйгарып алышканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизону менен УКМКнын аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгы биргеликте Коргоо министрлигинин аскердик бөлүктөрүнүн биринде текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анда айрым кызмат адамдары өздүк курамдын кийим-кечесин камсыз кылууга багытталган баасы 1 миллион 297 миң 122 сомдук камуфляж кездемелерин ыйгарып алышканы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштерин Аскер прокуратурасы жүргүзүүдө.