Акжол Махмудов Алматыдагы жеңишинен кийин билдирүү жасады (видео)

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов коңшу Казакстандын Алматы шаарында өткөн PWL-8 турнириндеги жеңишинен кийин билдирүү жасады.

Белгилей кетсек, бул турнирде Акжол Махмудов франциялык Ибрагим Ганемди 6:1 эсебинде жеңген.

Жеңишинен кийин кыргыз балбаны бул турнирге Алматыда бир ай даярданганын айтып, жеңишин кыргыз элине арнады.

"Бардыгыңыздарга чоң рахмат. Сиздердин колдооңуздар бизге ар дайым күч кубат берет. Биякта биздин Азат агай (ред.: Азат Эркимбаев), Улук агайларыбыз (ред.: Улукбек Карачолоков) отурат, сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын. Бул жеңишимди бүткүл кыргыз элиме арнайм. Бул турнирге мен Казакстанда бир ай даярдандым", - деди Махмудов.

Ошондой эле ал казакстандыктарга ыраазычылыгын билдирди.

"Бул жак биздин экинчи үйүбүз. Казак-кыргыз бир тууган", - деди Акжол Махмудов.

Акжол Махмудов Алматыдагы жеңишинен кийин билдирүү жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан