ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жолдорду атады 

Өлкөдө жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондорда жана төмөнкү унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка–Акташ унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

"Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Алыскы сапарга чыгууда унааңыздын техникалык абалына көңүл буруп, дары-дармек, кургак азык, суу болушун камсыздаңыз", - деп билдирди ӨКМ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан