Өкмөт башчынын чет мамлекетке болгон биринчи расмий сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 24-25-февраль күндөрү Казакстанга болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Расмий сапарынын алкагында Касымалиевдин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен тар жана кеңейтилген курамдагы жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда буга чейин жетишилген маселелерди ишке ашыруу сүйлөшүлдү. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт башчылары "Казакстан Гарыш Сапары" улуттук космос борборуна, ошондой эле Казакстан өкмөтүнүн санариптештирүү кеңсесине барышты.

Мындан тышкары ал Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана ишке ашыруу маселелери каралды.

Белгилей кетсек, бул сапар Адылбек Касымалиевдин Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан