Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын колунан чоң көгала бар экени байкалды. Ак үй саясатчынын колундагы адаттан тыш көгөргөн тактын себебин ачыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Президент Трамптын колунда көгала тактар бар экени чындык. Анткени ал тынымсыз иштеп, күн сайын адамдар менен кол алышып жатат", - деген Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт.
Белгиленгендей, Трамптын колундагы көгала Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Ак үйдө болгон жолугушуусунда байкалган.