Маданият министрлигин менеджер адам башкарышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдирди.
"Бизде жаңы түшүнүк, жаңы ыкма пайда болду. Өзүңүздөр билесиздер, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, ал тургай мен-мен деген алдыңкы мамлекеттерде Маданият министрлиги жок. Экинчиден, Билим берүү, Саламаттыкты сактоо жана Маданият министрликтерине сөзсүз түрдө ошол тармакка тиешелүү адистин министр болуп келиши шарт эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө Билим берүү министрлигин, Саламаттыкты сактоо министрлигин экономисттер, финансисттер башкарат. Маданият министрлигинде да ошондой болушу керек. Жалаң маданияттын ичинен алып келгенде оңолбойт. Муну тармакты жетектеген мурдагы министр катары так айта алам”, – деди төрага.
Ошондой эле ал жогорудагыдай ыкманы Кыргызстанда да киргизип жатышканын белгиледи.
"Сөзсүз эле маданият тармагынан Эл артистин же Эл жазуучусун эмес, сырттан алып келип коёлу, менеджер катары иштесин деп жатабыз. Министрликте адистер жана чыгармачыл топтор жетиштүү. Ошолор ишти кылат. Ал эми министрдин милдети – ишти уюштуруу жана саясатты жүргүзүү”, – деди Тургунбек уулу.
Белгилей кетсек, парламентте маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги каралууда.