Депутат маданият министрине талапкердин басып өткөн жолуна таң калды (видео)

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлиги каралып жатат.

Анда депутат Надира Нарматова Мирбек Мамбеталиев 22 жылда 28 жолу кызматын алмаштырганын айтып, бул таң калычтуу экенин кошумчалады.

"Сиз 2003-жылдан 2025-жылга чейин 28 жолу кызмат алмаштырыптырсыз. Мамлекеттик кызматта 50 жыл иштеген адамдардын дагы басып өткөн жолу мындай эмес, таң калычтуу да. Ушунчалык талаш-тартышты жараткан, биринен-бирине секирип өтүп турган кадр катары мен эсептеп жатам. Басып өткөн жолуңуздагы тажрыйбаңызды уюштуруучулук, менеджерлик сапатыңызды көрсөткөнгө жоопкерчиликти алып келип жатасыз да, туурабы? Ошондуктан президентти уят кылбай, ошол кишинин чечимин жоопкерчилик менен кабыл аласыз го деген ниеттемин", - деди Надира Нарматова.

Жогорку Кеңштин жыйыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан