АКШнын лидери Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленскийдин Вашингтонго сапарына каршы эмес жана Орусияга каршы санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгүн жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Трамп бир нече билдирүү жасады:
- Зеленский жума күнү келет. Анын иш сапарынын алкагында кеп “сейрек кездешүүчү элементтер жана башка нерселер” тууралуу болот;
- Украинада бардык тараптарга ылайыктуу тынчтык орнотуучу аскерлердин багыты болуш керек;
- Орусия менен сейрек кездешүүчү металлдарга жетүү боюнча келишим идеясын колдойм;
- Келечекте Орусияга каршы санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бирок алар азырынча жоюла элек.