"Бул трагедия". Жанар Акаев окуучулардын өлүмү боюнча атайын жыйын өткөрүлбөгөнүн сынга алды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-февралдагы жыйынында депутат Жанар Акаев акыркы жумадагы окуучулардын өлүмү боюнча өкмөт тарабынан атайын жыйын өткөрүлбөгөнүнө нааразы болду.

Жыйында депутат учурда жаш балдардын коопсуздугу коркунучта экенин кошумчалады.

"Кыргызстанда акыркы бир жума ичинде үрөй учурган көп жаңылыктар болду. Бул жанагы жогорку класстагы балдардын өлүмү. Элестетсеңиз, бир жуманын ичинде 5-6 баланын өлүмү катталды. Ысык-Көлдө, Ноокатта, Токмокто. 10, 11-класстын балдары асынып өлүп жатпайбы азыр.

Мына, жаштар саясаты, бүт министрликтер ушул боюнча иштеп, премьер-министр чукул жыйын өткөрүшү керек эле, эмне үчүн өткөрбөй жатасыңар? Бул трагедия! Мына 5-6 бала өлдү. Асынып өлгөнү бар, ур-токмоктон өлгөнү бар", - деди Жанар Акаев.

Ошондой эле Жанар Акаев балдардын коопсуздугу учурда чоң коркунучта турганын айтты.

"Өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү мамлекеттик деңгээлдеги трагедия. Бизде болсо жөн эле статистика катары карап коюп жатасыздар. Балдарга болгон мындай мамиле болбойт", - деп кошумчалады ал.

Жанар Акаев окуучулардын өлүмү боюнча жыйын өткөрүлбөгөнүнө нааразы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан