Депутат Ысык-Көлдө салынып жаткан жолдун 1 чакырымын калтырып кетишкенине нааразы болду (видео)

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигит Тыналиев Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө жана Орто-Өрүктү айылдарында бала бакча жок экенин айтып чыкты.

Эл өкүлү аталган айылдын тургундары балдарын коңшу айылдардагы бала бакчаларга алып барууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, өкмөттү бул маселеге тез арада көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле ал Транспорт министрлиги Көк-Дөбө айылында асфальтталып жаткан 4 чакырым жолдун 3 чакырымын салып, 1 чакырымын калтырып кеткенине нааразы болду.

Жогорку Кеңеш 26.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан