Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Мирбек Мамбеталиевди кыргыз киносун өнүктүрүүгө чакырды.
Эл өкүлү кыргыз тилинде тартылган жакшы кинолор тилдин өнүгүшүнө өбөлгө болот деп эсептейт.
"Кыргызстандагы таланттуу режиссёрлорду министрлик аркылуу Голливудга же башка жакка окутууга жөнөтүп турсаңыз өлкө келечегине чоң салым кылган болосуз. Мен өткөндө Салам Европа деген киного бардым. Ал кыргызча болду, бирок байкасам кинотеатрдагы кичинекей балдардын көбү кыргызча жакшы билишпейт экен.
Алар ата-энесинен сурап түшүнүп жатышат да. Демек, жаштар кыргыз киносуна, кыргыз тилине бурула башташты. Кинонун таасири чоң. Мисалы, Google аркылуу маалымат издегенде Армения, Азербайжандын 50 пайыз калкы өзүнүн тилинде издейт экен. Бизде болсо 100 пайыз орус тилинде издейт. Бул деген чоң трагедия", - деди ал.