"Токойдо жүргөнгө окшоп..." Оштун мэри "Достук" өткөрмө бекетинин аймагына барды (видео)

"Өзбекстандан кире бериш жак, бул жерди гүлдөтөлү". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 26-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Достук" өткөрмө бекетине баруучу жолдогу таңкы рейдде айтты.

Шаар башчысы бир катар тапшырмаларды берип, ар бир имаратка кирип чыкты. Анын айтымында, келген коноктор үчүн жашыл зоналарды түзүп, тамактануучу жайлардын, дүкөндөрдүн, ишканалардын сырткы көрүнүшүн бир типте иретке келтирүү керек.

"Достук көчөсү – шаардын күзгүсү. Эки четин заманбап стилде оңдойлу. Гүлдөрдү сээп, бакттарды отургузалы. Кызыл сызыкка чыккан курулуштарды жылдырып, унаа жуучу жайларды ичине киргизели. Бош жаткан 8 гектар жер боюнча өзүм иш алып барам, мүмкүнчүлүк болсо шаардын балансына алабыз. Ал жерге муниципалдык базар жана заманбап ажаткана куралы", - деп белгиледи шаар башчысы.

Оштун мэри "Достук" өткөрмө бекетинин аймагына барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан