Бүгүн, 26-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган туулган. Быйыл ал 71 жашка толду. Бул жолу SUPER.KG порталы "Президенттер" рубрикасынын алкагында Эрдоган тууралуу маалымат топтоону эп көрдү.
Режеп Тайып Эрдоган 26-февралда 1954-жылы Түркиянын Стамбул шаарында туулган. Ал 13 жашка чейин Түркиянын түндүк-чыгышындагы Ризе шаарында жашаган. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле динге жакын болуп, ал багытта билим алган. Ал жактагы окуусун бүтүргөндөн кийин Стамбул шаарындагы лицейде билимин уланткан. Андан кийин Мармара университетине окууга тапшырып, Экономика жана соода илимдер факультетин 1982-жылы аяктайт. Эрдоган аркердеги кызматын өтөп келгенден кийин жеке сектордо менеджер болуп иштеп баштаган.
Саясатка аралашуусу
Режеп Тайып Эрдоган 1983-жылдан тартып "Берекет" партиясы менен чыныгы саясатка аралаша баштаган. Ал 1984-жылы аталган партиянын райондук жетекчиси, 1985-жылы Стамбул облусундагы жетекчиси жана партиянын Чечим кабыл алуу жана башкаруу борбордук уюмунун мүчөсү болгон.
Эрдоган бул мезгил аралыгында айрыкча аялдар жана жаштардын саясатка катышуусун арттырууга багытталган иштерди жасаган. Саясаттын негизин кеңейтип, калың элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуу, кадыр-баркка жетүү жолунда маанилүү кадамдарды жасай алган. "Берекет" партиясынын өкүлү болуп 1989-жылы жергиликтүү шайлоодо чоң ийгиликке жетишкенде жалпы журтка, ошондой эле партияга үлгү жарата алган.
1994-жылдын мартында Стамбулдун мэрлигине талапкер болуп, жеңишке жетишкен. Бул кызматта ал бир катар экономикалык жана социалдык маселелерди, атап айтканда, суу менен камсыз кылуу, таштандыларды чыгаруу жана кайра иштетүү маселелерин чечүүгө жетишип, элдин сүймөнчүлүгүнө жете алган. Ошондой эле Ислам баалуулуктарын жайылтуу менен алкоголдук ичимдиктерди колдонууга айрым чектөөлөрдү киргизүүгө да жетишкен. 1998-жылы январь айында динге байланыштуу иштерде күнөөлүү деп табылып, мэрлик кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Түрмөдө төрт ай отургандан кийин 1999-жылы март айында мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
2001-жылы Эрдоган "Адилеттик жана өнүгүү" партиясын (АКП) түзүп, аны жетектеген. Аталган партия 2002-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо 34,3 пайыз добушка ээ болгон. Бирок соттун чечими болгондуктан Эрдоган депутат боло алган эмес. Ал 2003-жылы мыйзамга түзөтүүлөр киргенден кийин депутат болгон.
2003-жылдын 14-мартында Эрдоган парламент тарабынан премьер-министрликке бекитилген. Ал 2014-жылдын 28-августуна чейин бул кызматта турган. Анын өкмөтү түрк коомун исламдаштыруу саясатын жүргүзгөн: мектептерде ислам динин милдеттүү түрдө үйрөнүү киргизилген, кээ бир светтик мектептер имамдарды даярдоочу окуу жай катары өзгөртүлүп, университеттердин ичине ондогон мечиттер курулган.
Президент болушу...
2014-жылдын 10-августунда Режеп Тайып Эрдоган шайлоонун биринчи айлампасында 51,8 пайыз добуш менен президент болуп шайланган. Андан кийин 2018-жылдын 24-июнунда биринчи турда 52,59 пайыз добуш менен экинчи мөөнөткө президент болгон. Ал эми 2023-жылдын 28-майында Эрдоган президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетип, үчүнчү ирет өлкө башчы болуп шайланган.
Режеп Тайып Эрдоган бир катар чет мамлекеттердин сыйлыктарына ээ болгон. Алардын айрымдары: 2011-жылы Кыргызстандын Данакер ордени, 2010-жылы БУУнун калктуу конуштар программасынын ишине катышкандыгы үчүн БУУнун Хабитат сыйлыгы, 2022-жылы Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени.
Үй-бүлөсү
Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган. Алар 1978-жылы баш кошушкан. Эмине Эрдоган учурда өлкөдөгү кайрымдуулук иштери менен алектенет. Ал эми жубайлардын 2 уул, 2 кызы бар. Белгилүү болгондой, уулдары мунай тармагында ишкерлик менен алектенет. Ал эми кыздары апасынын жолун жолдоп өз өлкөсүндө кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, аялдардын укуктарын коргоп келишет.