Бир катар Европа өлкөлөрү ок атышпоону камсыздоо үчүн Украинага аскерлерин жөнөтүүгө даяр, бирок АКШнын колдоосу керек болот. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Эрик Ломбар Bloomberg телеканалына берген маегинде билдирди.
"Украина боюнча техникалык талкууларды баштадык. Ок атышпоонун кепилдиги үчүн Украинага европалык аскерлер жөнөтүлүшү керек деген жалпы макулдашуу бар. Буга Улуу Британия, Германия жана Франция даяр. Евробиримдиктин башка өлкөлөрү да салымын кошот", - деген ал.
Министр АКШнын президенти Дональд Трамп ок атышпоо келишимин колдоого макул болгонун ырастаган. Бирок ал Вашингтон кандай конкреттүү кадамдарга бара турганын тактаган жок.
Буга чейин The Wall Street Journal гезити Ак үйдүн расмий өкүлүнө шилтеме жасап, Трамптын Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу планында согуштук аракеттер кайра башталса, АКШ Киевге жардам жиберет деген кепилдик жок экенин жазган.