Депутат өкмөттөн армян, абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун суммасын түшүрүүнү өтүндү

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөттү армян, абхаз номурлуу унааларды мыйзамдаштырууда эки маселеге көңүл бурууга чакырды.

Ал мунапыс бериле турган унаа ээлери мыйзамдаштыруудагы сумма кымбат экенин айтып жатышканын билдирди.

"Мага бир топ Армения, Абхазия жана Орусиядан кирген унаалардын ээлери кайрылып жатышат. Биринчиден, алар президеттин мунапыс берүү жарлыгына ыраазычылыгын билдирип жатышат. Бирок ошону менен бирге эки көйгөйлүү маселе чыкканына кабатыр. Мына өкмөт мүчөлөрү "унааны мыйзамдаштыруу 100 миң сом болот" деп жатышат. Алар "биз айып да төлөйбүз, андыктан 50 миң сом кылышса болмок" дешүүдө. "Биз ансыз да карыздарды жаба албай, жумушсуз калдык" дешти. Мындан тышкары "ошол унааны сата албайсың" деп жатышат. Менимче, бул дагы туура эмес го. Сураныч, нормаларды кайра карап чыксаңар", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңеш 26.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан