Таиландда туристтердин автобусу кырсыкка учурап, 18 киши каза болду

Таиландда туристтер бара жаткан автобус кырсыктады. Анын кесепетинен жүргүнчүлөрдүн 18и жеринде каза болуп, 20сы жаракат алган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, 200 адамдан турган топ үч автобус менен Районг аймагына бара жатышкан. Кырсык Бангкоктон 120 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Прачинбури провинциясында болгон. Автобустардын бири бетон тосмону бузуп, оодарылып кеткен. Ал автобуста 47 жүргүнчү жана 2 айдоочу болгон.

Автобус текшерип өткөрүү пунктуна токтой алган эмес. Андыктан кырсыктын болжолдуу себеби тормоздун иштебей калышы экендиги маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан