Баткен шаарында жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облустук бириккен оорукананын аймагындагы жер тилке жана Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан дарыкана жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталды.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кыймылсыз мүлк объекттеринин ээлери мүлктөрдү мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен өткөрүп беришти.