Судандын Омдурман шаарында аскер учагы жерге кулап түштү. Анын кесепетинен каза болгондордун саны 45ке жетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалымдалгандай, кырсык учактагы белгисиз техникалык мүчүлүштүктөн улам катталган. Учак асманга көтөрүлгөндөн тартып кооптуулук жаралган. Ал жерге кулап, жай тургундар жашаган үйдү басып калган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр менен экипаж мүчөлөрү гана эмес, жергиликтүү жашоочулар да каза болгон.
Окуя болгон жерде куткаруу иштери уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган. Учакта Хартум аскер округунун мурдагы командачысы да болгондугу айтылды.