Москвада күйөөсү аялына белек кылган Porsche унаасы таштандыга ташталды

Москва шаарында күйөөсү 14-февраль күнү аялына белек кылган 3 миллион рублдук Porsche Macan унаасы таштандыга ташталды. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары жазышты.

Маалыматка ылайык, Сергей менен жубайы Алла акыркы учурларда таарынышып жүргөн. Досторунун айтымында, Сергей үй-бүлөсүн баалуу белек менен сактап калгысы келип, сүйүү күнүндө жубайына Porsche Macan унаасын белек кылган. Ал унааны 3 миллион рублга сатып алган. Унаа бир аз кырсыктап, аны оңдоо керек болгон, бирок жүрөт. Алгач күйөөсү оңдоп, 8-мартка белек кылууну пландаган. Бирок ал ага жетпей эле унааны оңдобой туруп 14-февраль күнү жубайына белек кылган.

Кызыл бантик байланган унаанын бир аз сүзүлгөнүн көргөн жубайы аны алуудан баш тарткан. Жинденген күйөөсү ошол замат унааны айдап барып, таштандыга таштап салган.

Учурда 12 күндөн бери унаа таштандыда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан