Бишкекте сойкулук менен алектенген 150 кыз милицияга жеткирилди

Бишкекте "Притон" аталышындагы рейддик иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББи менен УКМКнын кызматкерлери өткөргөн интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды аныктоо боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында, сауналар, мейманканалар, батирлер текшерилди.

Жыйынтыгында интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген 150дөй кыз милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, профилактикалык сүйлөшүүлөр жана тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мындан тышкары рейд учурунда 166 ар кандай кылмыштын бети ачылган, дайынсыз жоголгон 9 адам табылган жана Укук бузуулар кодексинин 1092-беренесине (Сойкулук менен алектенүү) ылайык 10 административдик протокол түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан