Чүйдөгү "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Сосновка" постунда аба ырайына байланыштуу жүк ташыган унааларга чектөө бүгүн саат 07:00дөн тарта киргизилген.