Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков кримтөбөл Азиз Батукаевди жаза өтөө мөөнөтү бүтө электе бошотуу иши боюнча канча киши жоопко тартылганына кызыкты.
Жыйында "Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.
"Шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калганда, же каза болгондо кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтели деп жатасыздар. 2013-жылы Азиз Батукаев дегенди жасалма документ менен "эртең өлөт" деп түрмөдөн бошотуп жиберишкен. Ошол иш боюнча канча киши шектүү деп табылып, жазасын алды?" - деди Самаков.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева ошол кездеги жооптуу кызматтагылардын баары жоопко тартылганын айтты. Самаков ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова кандай жаза алганын сурады. Коңкубаева Салянова Жогорку Сотко чейин даттанганын, анын 14 жашка чыга элек баласы болгондуктан мурдагы сот өкүмдөрү жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлгөнүн эске салып, бүгүнкү күндө сотто кайра каралып жатканы боюнча толук маалыматы жок экенин билдирди.
Эл өкүлү аталган мыйзам кабыл алынса Батукаевдин камактан чыгып кетиши сыяктуу иштер орун алышы мүмкүнбү деген тактоо суроосун узатты. Коңкубаева мыйзамдын аны менен тиешеси жок экенин, көрсөтүлгөн нормалары башка экенин белгилеп, Батукаевдин иши боюнча маалымат жашыруун болбосо, кагаз түрүндө жооп берерин кошумчалады.