
Өлкө башчы
Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри
Рашид Мередов менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле энергетика жана транспорттук логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого умтуларын баса белгилеп, Түркмөнстандан Кыргызстанга энергия булактарын жеткирүү боюнча маселелерди чечкендиги үчүн түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгиледи. Президент чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн көп тараптуу платформалардын алкагында өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.
Өз кезегинде Мередов Түркмөнстандын кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын баса белгилеп, биргелешкен аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болорун айтты.