Түркияда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял Кыргызстанга кайтып келди

Түркиянын Анталья шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып чыккан кыргызстандык аял мекенине кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык Г.К. 25-февраль күнү баласы менен өлкөгө кайтып келген.

"Тышкы иштер министрлиги жабырлануучунун укуктарын коргоого жана анын коопсуз мекенине кайтып келишине көмөк көрсөткөн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле ТИМ чет өлкөдө жүргөн мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, кыйын кырдаалга туш болгон жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Түркиянын Анталья шаарында кыргызстандык аялды жолдошу мыкаачылык менен сабап, баласын тартып алганы тууралуу маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан