УКМК эки кишини өлтүрүүгө айыпталып эл аралык издөөгө алынган казак жаранын кармады

Бишкекте Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казакстандын А.Р. аттуу жараны кармалды. Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоого, тагыраагы, эки кишини өлтүрүүгө айыпталууда.

"Издөөдө жүргөн А.Р. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстандын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А. жана 1973-жылы туулган Х.К. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам А.Р. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан