Жалал-Абадда мектеп курулушунан акча кымырып алган кызматкерлерге кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарындагы Фуркат атындагы орто мектебинин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, облусттук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери “К.” жоопкерчилиги чектелген коому менен алдын ала сүйлөшүп, иш жүзүндө аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алган. Ал эми расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, мыйзамсыз түрдө 6 миллион 300 миң сом акча каражатын төлөп беришкен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголду.
УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан