Нурланбек Тургунбек уулу Европа парламентинин мүчөлөрүн кабыл алды

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Мунир Сатури баштаган Европа парламентинин мүчөлөрүн кабыл алды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууга фракциялардын лидерлери да катышты.

Тараптар Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын, Жогорку Кеңеш менен Европа парламентинин байланыштарын бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Тургунбек уулу Кыргызстан Европа биримдиги менен калыптанган алакаларды арттырып, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөө менен конструктивдүү диалогду түзүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Европа парламентинин Адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Мунир Сатури иш сапарынын негизги максаты тууралуу кеп кылып, Европа мамлекеттери Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын эске салды. Ошондой эле Европа парламентинин мүчөлөрү өлкөдөгү адам укугуна, сөз эркиндигине байланышкан жагдайларга токтолушуп, аталган багыттагы кызыккан суроолорун узатышты.

Ал эми Тургунбек уулу ар бир айтылган маселе боюнча пикирин билдирип, Кыргызстан адам укугун, мыйзам талаптарын, демократияны жана сөз эркиндигин жактаган мамлекет экенин баса белгиледи. Айрыкча коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлүп, шайлоолордун таза өтүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

“Парламенттик демократиянын өнүгүшүндө жана мамлекеттин алдыга жылуусунда Жогорку Кеңештин салымы өтө чоң. Кыргыз парламентинин депутаттары өлкөдөгү бардык маселе боюнча ачык оюн айтып, каалаган пикирин билдире алышат. Андан тышкары, эл өкүлдөрү дайыма ачык айкын иш алып барып, бардык жыйындар, анын ичинен тармактык комитеттердин жана фракциялардын отурумдары түз эфирде көрсөтүлөт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү парламенттин ишине тоскоолдуксуз катышып, коомчулукка да ар дайым эшигибиз ачык. Мындай мүмкүнчүлүк дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да чанда кездешет. Биз ушул өзгөчөлүгүбүз менен сыймыктанабыз”, – деди ал.

Муну менен катар жолугушууда гендердик теңчилик боюнча да маселе айтылды. Төрага Жогорку Кеңештеги аялдар үчүн бөлүнгөн квотаны мисал кылып, мыйзам менен бекитилген мындай мүмкүнчүлүк Европа мамлекеттеринде да жок экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан