Таласта "interes_talas" инстаграм баракчасынын администратору кармалды

Таласта 25 000 катталуучусу бар interes_talas аталган инстаграм баракчасынын администратору акча опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-февралда Талас ОИИБге Талас шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ага 8-февралда саат 22:30 чамасында interes_talas аталган инстаграм баракчасынан жазып, жеке аброюна шек келтирүүчү сүрөттөрүн коомго чыгарам деп коркутуп, 5000 сом опузалап талап кылган. Ошондой эле эгерде белгиленген акчаны бербесе, видеосун баракчага чыгарарын айткан.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысын оң жакка чечип, кылмыш ишин жабуу максатында Талас шаарынын 51 жаштагы И.С. жана 18 жаштагы Т.Х. тургундары Талас ОИИБдин ыкчам кызматкерине 150 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалган" деп жазылат анда.

Бул окуя Талас ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан дагы бир Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Т.Х. аттуу жаран 25 000 катталуучусу бар “interes_talas” аттуу инстаграм баракчасын иштетип жүргөндүгү, ал эми И.С. аттуу жаран анын тууганы экендиги аныкталган.

"Эгерде “interes_talas” инстаграм социалдык баракчасынан жабыр тарткандар болсо 03422 5 31 42, 0703 12 33 04 номерлерине кайрылсаңыз болот" дешти ИИМден.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан