Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов жолугушту. Бул туурасында бүгүн, 26-февралда ТИМден билдиришти.
Анын жүрүшүндө министрлер соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык тармактардагы кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Алдыдагы эки тараптуу иш-чараларды бийик жана жогорку деңгээлде уюштурууга жана өткөрүүгө, келишимдик-укуктук базаны өстүрүүгө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Бул контекстте ТИМ башчылары президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга (27-28-июнь, 2021-жыл) расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Кулубаев менен Мередовдун консультацияларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2025-2026-жылдарга Кызматташуу программасына кол коюлду.
Белгилей кетсек, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов Кыргызстанга расмий сапар менен кечээ, 25-февралда келген.