Токмокто жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Токмок шаарынын Ленин жана Сарбагышев көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ЖКККБдан бүгүн, 26-февралда билдиришти.

Кабарлангандай, окуя кечээ, 25-февралда саат 21:10 чамаларында болгон. Анда 16 жаштагы жаранды айдоочу ак түстөгү БМВ X5 үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп, качып кеткен.

Натыйжада жөө жүргүнчү Токмок шаарынын аймактык ооруканасына "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.

Бул факты боюнча шектүү катары 48 жаштагы жаран кармалып, Токмок ШИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаасы айып короо жайына токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан