Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШдагы Caspian Policy Center аналитикалык борборунун жетекчилиги менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, 25-февралда өткөн жолугушууда АКШнын жаңы администрациясынын саясаты жана АКШнын регион менен өзгөчө Кыргызстан менен кызматташуусунун келечеги талкууланды.
Элчи Молдогазиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат жана экономиканы жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.
Сүйлөшүүнүн соңунда өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга эки тараптын умтулууларын ырасташты.