Илон Маск бир эле күндө 22 миллиард долларын жоготту

Tesla компаниясынын башкы директору, америкалык миллиардер Илон Масктын байлыгы бир күндө 22 миллиард 200 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, буга анын байлыгынын жарымынан көбүн түзгөн Tesla электромобилинин акцияларынын арзандашы себеп болгон. 25-февралдагы соода учурунда Tesla'нын акциялары 8,4 пайызга төмөндөп, 302 миллиард долларды түздү. Ал эми рыноктук капиталдаштыруу 1 триллион доллардан төмөн түштү, бул үч айдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Мындай жоготууларга карабастан, Маск Bloomberg миллиардерлеринин индекси боюнча 358 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын арасында биринчи орунда турат. Байлыгы боюнча Маск 233 миллиард доллар байлыгы менен Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон да, капиталы 232 миллиард долларга бааланган Meta'нын жетекчиси Марк Цукербергден да алдыда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан