"Крокус Ситинин" ээсинин уулу теракттан келтирилген зыяндын көлөмүн атады

Москвадагы "Крокус Сити Холл" соода борборундагы терактка байланыштуу Crocus Group компаниясына келтирилген болжолдуу чыгым 150-200 миллион долларды түздү. Бул тууралуу аталган компаниянын ээси Араз Агаларовдун уулу Эмин Агаларов РИА Новостиге билдирди.

Ал террордук чабуулдан жапа чеккен же жакындарын жоготкон адамдар үчүн бул чоң трагедия болгонун баса белгиледи.

"Бизнес көз карашынан алганда, бул бүтүндөй Crocus Group компаниясы үчүн кыйратуучу окуя болду. Анткени теракттан кийин аймактагы бардык объектилердин иши токтоп, катышуучулардын саны кескин азайды", - деген ал.

Анын айтымында, Crocus City Hall борборундагы концерттик залдын аркасы менен соода борборго күн сайын кошумча 6-7 миң адам келип турган. Концерттик залдын курулушуна 70 миллион доллар сарпташкан, азыр андан эч нерсе калган эмес.

"Бардык инфляция жана доллардын курсу менен эсептеп көрсөңүздөр болот. Концерттик залдын өзүнө түздөн-түз келтирилген зыян 100 миллион доллар. Жалпылап алганда, теракттын айынан компания 150-200 миллион доллардай зыянга учурады", - деген ал.

Белгилей кетсек, былтыр, 2024-жылы 22-мартта Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан