Бишкекте милицияны тамашага салган өспүрүмдөр аныкталды

Жалган маалымат берген 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-февралда саат 20:45 чамасында 102 кызматына 17 жаштагы кызды унаага салып, уурдап кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Дароо айтылган дарекке барган милициянын өздүк курамы маалымат жалган экенин билишкен.

Факты боюнча 2 өспүрүм райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, жакындарынын катышуусунда суракка алынды жана административдик протокол түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан