Кыргыз мушкери Валентина Шевченко менен франциялык мушкер Манон Фиоро шаршемби күнү UFC 315 пресс-конференциясында биринчи жолу бетме-бет кез келишти.
Эки мушкер айым Канадада өтө турган UFC 315 турниринин негизги беттешинде кез келет. Бул алардын биринчи ирет бетме-бет кез келүүсү.
Валентина Шевченко UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыр, 14-сентябрда өткөргөн. Анда кыргыз мушкери мексикалык Алекса Грассону жеңип алган.