ХАМАС барымтадагыларды бошотуунун шартын атады

Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы Израил менен ок атышпоо келишими сакталганда гана барымтадагылардын калганы бошотуларын билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Ошондой эле кыймыл келишимдин экинчи этабы боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, ок атышпоо кепилдиги 19-январдан бери сакталууда. Ал арада Израил менен ХАМАС туткундарды алмашуу иштерин жүргүзүп жатышат. Тараптар ортосундагы келишим Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен жетишилген.

ХАМАС шаршемби күнү кечинде барымтага алынган төрт израилдиктин сөөгүн өткөрүп бергени маалым болду. Ошол эле учурда Тель-Авив 700дөй палестиналык туткунду бошотуп, алардын 100гө жакыны Египетке, калганы Газа тилкесине жөнөтүлгөнү айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан