Бүгүн, 27-февралда Стамбулда орусиялык жана америкалык дипломаттардын жолугушуусу өтүп, анда өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын ишин нормалдаштыруу талкууланат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин орус басылмалары жазышты.
“Биздин жогорку деңгээлдеги дипломаттарыбыз, эксперттерибиз жолугушат. Анда Орусиянын АКШдагы элчилигинин жана Москвадагы америкалыктардын өкүлчүлүгүнүн айланасындагы мыйзамсыз тоскоолдуктар каралат. Бул жолугушуунун жыйынтыгы менен биз эффективдүү багыттыбызды билип алабыз”, - деп билдирген Лавров.
Белгилей кетсек, Украинадагы кырдаалдан улам болуп келген чыңалуудан бери Орусия менен АКШнын өкүлдөрү биринчи жолу Эр-Риядда 18-февралда жолугушкан. Анда Украинадагы тынчтык, эки өлкөнүн алакасы жана мамлекет башчыларынын жолугушуусун уюштуруу багытында сөз болгон.