Елена Зеленская күйөөсү кандай шартта президенттиктен кетерин айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский өмүрүнүн аягына чейин кызматта калууну пландабайт. Бул тууралуу анын жубайы Елена Зеленская Quarta Repubblica басылмасына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, украин лидеринин алдыга койгон негизги милдети – өлкөнүн коопсуздугу.

"Мен анын түбөлүк президент болууну пландабаганын билем. Ал Украинада коопсуздук кепилдиги болгондо гана кызматынан кетет", - деген Зеленская.

Мындан тышкары ал эгер НАТОго мүчө болуу коопсуздуктун кепилдиги деп эсептелсе, Зеленский кызматтан кетиши мүмкүн деп эсептээрин кошумчалады.

Буга чейин Зеленский эгерде Украинада тынчтык орносо, же өлкө НАТОго кирсе, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген.

"Эгер ал Украина үчүн тынчтыкка кепилдик берсе, мен кетүүгө даярмын. Мен муну НАТОго алмаштыра алам", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан