Камчыбек Ташиев буга чейин кыргыз-тажик чек арасы эмне үчүн чечилбей келгенин айтты

Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы эмне себептен чечилбей келгенин айтты.

Анын айтымында, эки өлкө чек араны эки башка жылдардагы карталар менен чечүүнү сунуштап келишкен.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталган мезгилден тартып эле тажик тарап чек араны тактоодо 1924-27-жылдардагы материалдар менен иштөөнү карманып келген. Ал эми кыргыз тарап 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндөгү келишимди, 1991-жылдын 21-декбрындагы Алматы декларациясын жана КМШ мамлекеттеринин эмгемендүүлүгүн сактоо, аймактык бүтүндүгү жана чек араларынын кол тийбестиги тууралуу Москва декларациясына негиз кылып чечүүнү сунуштаган.

Мындан улам эки тарап чек аранын калган тилкелерин тактоодо бирдиктүү чечимге келе албастан 2011-жылдан 2021-жылга чейин бир дагы метр чек ара тилкесин чече алышкан эмес", - деди ал.

Жыйында кыргыз-тажик чек ара маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан