Чүйдө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча шектүү кармалды

Чүйдө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча шектүү жаран кармалды. Бул туурасында облус милициясынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, "Сбербанк Лизинг" компаниясынын өкүлдөрү милицияга кайрылышкан. Анда 2023-жылдын 28-сентябрында Р.А. аттуу жаран ар биринин наркы 109 миң доллар болгон эки самосвалга лизинг келишимин түзүп, Орусиядан Кыргызстанга алып чыккандыгын айткан.

“Ал оор жүк ташуучу унааларды келишимдин негизинде 2024-жылдын 16-январынан кечиктирбей Орусияга алып кириш керек болчу. Бирок Р.А. аттуу жаран материалдык пайда алуу боюнча жеке кызыкчылыгын көздөп, июлда самосвалдарда орнотулган автономдуу ыкчам-издөө маяктарын өчүрүп, 45 миң долларга сатып жиберген. Аны менен "Сбербанк Лизинг" АКна ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген”, - деп айтылган маалыматта.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1982-жылы туулган Р.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан