Ысык-Көлдө Бишкектин тургуну ур-токмоктон каза болду

Ысык-Көл районунда ден соолукка оор залал келтүүгө шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда милицияга райондук ооруканадан белгисиз адамдар бир жаранды дене жаракаттары менен ооруканага алып келип таштап кетишкенин, ал эми хирургия бөлүмүнө жаткырылган адам жаракаттарынан улам каза болуп калгандыгын кабарлаган. Факты боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, маркум Бишкек шаарынын 33 жаштагы тургуну экени аныкталып, тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Чолпон-Ата шаарынын 32 жана Жети-Өгүз районунун 32 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө шектүүлөр маркум менен мурда таарынычтары болгонун жана ал сөгүнүп койгондугу үчүн ур-токмокко алышканын айтышкан. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан