Бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында депутат Султанбай Айжигитов УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге окумуштуулардын аманатын табыштады.
"Мага окумуштуулар илим тармагында болуп жаткан коррупциялык схемалар жөнүндө жазышыптыр. "Бул кагаздарды жеке Кыдыршаевичтин колуна бериңиз" деп менден абдан суранышты эле, азыр аткарып коёюн", - деген Айжигитов материалды Ташиевдин колуна тапшырды.
Өз кезегиде УКМК жетекчиси аны карап чыгарын убадалап, жогорку окуу жайларда орун алып жаткан жемкорлук аракеттерге токтолду.
"Бардык ЖОЖдорду текшерип жатабыз. 2-3жыл окууга келбеген студенттерге баа коюп, дипломдорду берген учурлар көп. Андыктан ректорлорго "ошондой студенттерди тазалап, алардын саны азайткыла, мындан ары университетте окуган гана балдар калсын" деген тапшырма койдук", - деди Ташиев.