Ысык-Көлдө чырдан улам 2 бир тууган бычакталып, бири каза тапты

Ысык-Көл районунда бир туугандарды бычактаган деп шек саналып 53 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 23-февралда райондук ооруканадан хирургия бөлүмүнө орус улутундагы эки жаран оор абалда жаткырылганын кабарлаган. Ооруканага барган милиция кызматкерлери дене жаракаттарын алган Балыкчы шаарынын 36 жана 33 жаштагы бир тууган тургундарын ооруканага 34 жаштагы таанышы жеткирип келгени белгилүү болгон. Милициянын маалыматы боюнча, ал күнү 33 жаштагы жабырлануучу сол бутунун санынан алган жаракатынан улам каза болгон, ал эми анын агасы жандадыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал дудук болгон.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милицияга аларды ооруканага жеткирип келген адам күбө катары сурак берип, Чырпыкты айылынын күн батыш жагындагы талаада жабырлануучулар менен чогуу спирт ичимдигин ичишкенин, ошол маалда бейтаныш орус улутундагы жаран менен мушташа кетишкенин айткан. Бейтаныш жаран эки бир туугандын агасын ичке, инисин санга бычак менен сайып салган.

Шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Балыкчы шаарынын 53 жаштагы тургуну кармалган жана суракта күнөөсүн моюнуна алган. Облустук милиция окуя болгон жерден ага таандык көз айнек жана бычак табылып, далил зат катары алынганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан