Коңшу Тажикстандагы Сомониён айылы толук жана Хожаи-Аало айлынын бир бөлүгү Кыргызстанга алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.
"Баткен районунун жана Согди облусунун Исфара районунун ортосундагы туташ эмес желерди жөнгө салууга жетиштик. Натыйжада Баткен районунун Достук айылынын тургундарынын жер үлүштөрү менен 91 гектар жерди, Мазейттин жерин – 8,3 гектар, Көк-Терек айылынан – 17 гектар жерди, Таш-Тумшук айылынан – 20,3 гектар жерди жана Дача усатогундагы 5 гектар жер болгон жалпы аянты 141,9 гектар Тажикстанга жазылды.
Тагыраагы, биз 142 гектар жерди тажиктерге бердик. Мунун ордуна эмнелерди алдык? Исфара районунун Сомониён айылын алдык – 18,4 гектар, Дахма участогун – 33, 1 гектар, Хожаи-Аало айлынын бир бөлүгүн алдык – 21,5 гектар, Гавсувар участогун – 2,7 гектар, Миң-Булак участогун 42 гектар багы менен жана Лаккон участогунун бир бөлүгүн – 55 гектарды алдык. Жалпысынан 142,7 гектар жер Кыргызстанга жазылды. 1 гектар кошуп алыптырбыз да", - деди Ташиев.